Европа Биримдигинин жетекчилери Ковид - 19 курмандыктарын эскерүү үчүн Испанияга барат

Бир мезгил Ковид  - 19дун борбору болгон Европада Испания чоң жоготууга учураган өлкөлөрдүн арасында орун алды.

1438588
Европа Биримдигинин жетекчилери Ковид  - 19 курмандыктарын эскерүү үчүн Испанияга барат

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель жана Комиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лайендин жаңы тип коронавирустан каза болгондорду эскерүү үчүн 16 -  июлда Испанияда өткөрүлө турган салтанатка катышары билдирилди.

Мишель  менен фон дер Лайен твиттерден берген маалыматта Испаниянын премьер  - министри Педро Санчезге чакырганы үчүн ыракмат айтып, катышышарын билдиришти.

Испанияда 16 -  июлда Ковид  - 19дан улам каза болгондор үчүн эскерүү аземинин өткөрүлөрү билдирилди.

Бир мезгил Ковид  - 19дун борбору болгон Европада Испания чоң жоготууга учураган өлкөлөрдүн арасында орун алды.

Европа Биримдигинен Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде жардам сураган Испаниянын чакыруулары биринчи этапта жоопсуз калып, Түркия медициналык каражат жиберген биринчи өлкөлөрдүн арасында орун алган.

Комиссиянын төрагасы фон дер Лайен андан кийин Испанияга керек болгон жардамды беришпегендерин кабыл алган жана кечирим сураган.

Испанияда Ковид  - 19ду жугузган бейтап саны 244 000ден ашып, каза болгондордун саны да 27 000ден жогорулады.



Тектеш кабарлар