Кытай менен Индиянын чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Бул тууралуу NDTV каналынан маалымат берилди.

1437008
Кытай менен Индиянын чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Индиянын түндүк-чыгышындагы Ладах аймагында Кытай менен Индиянын аскер кызматкерлеринин ортосунда куралдуу кагылшуу  болуп Индиянын 3 аскери набыт болду.

NDTV канылынын кабарына караганда Ладахтагы Галван коктусунда чыңалуу басаңдатылууга  аракет кылынып жатканда, Индия жана Кытайдын аскердик күчтөрүнүн ортосунда кечээ катуу кагылышуу болуп, каза тапкандар бар экендиги маалымдалды.

Индия армиясынын маалымдаганына караганда кагылышуудан  1 офицер жана 2 аскер каза болгон.

Билдирүүдө "эки тараптын жогорку аскердик жооптуу кызматкерлери эки тарапты тынчтантуу боюнча сүйлөшүү өткөрүп жаткандары" маалымдалды.

Ладах аймагы Индиянын Кытай менен чек аралаш жеринде орун алган.

Кытай менен Индиянын чек арасындагы 3500 чакырымдык аралыктын көп жери талаш туудурууда.

Пекин бийлиги "Түштүк Тибет" деп атаган Индиянын Аруначал Прадеш провинциясындагы 90 миң чарчы чакырымдык аянтты талашып жатканда, Дели бийлиги Аксай Кытай платолорун камтыган  38 миң чарчы чакырымдык аянттын Кытай тарабынан басылып алынганын жактоодо.

 



Тектеш кабарлар