Кургакчылык дүйнөдө 4 миллиард гектардык аянтты коркунучка салууда

Дүйнөдө чөлдөшүү, кургактык жана жердин деградациясына байланыштуу жыл сайын 5,2 миллион гектар токой аянты азаюда.

1437318
Кургакчылык дүйнөдө 4 миллиард гектардык аянтты коркунучка салууда

 Дүйнөдө чөлдөшүү, кургактык жана жердин деградациясына байланыштуу жыл сайын 5,2 миллион гектар токой аянты азаюда.

Чөлдөшүү коркунучу жол ачкан маселелер жана буга карата жүргүзүлгөн күрөш тууралуу БУУнун чечими менен 1994 -  жылдан бери жыл сайын 17 -  июнь «Дүйнөлүк чөлдөшүү жана кургакчылык менен күрөшүү күнү» катары белгиленүүдө.

БУУнун маалыматтарына караганда чөлдөшүү, жердин деградациясы жана кургактык, дүйнөдө 4 миллиард гектардык аянт менен 168 өлкөдө жашаган 1, 5 миллиард калкты түздөн түз коркунучка салууда.

Азыркы учурда 2 миллиарддан ашуун түшүмдүү аянттар бузулган дүйнөдө БУУнун божомолдоруна караганда 2030 – жылга чейин тамак  - аш өндүрүү үчүн 300 миллион гектардык кошумча аянтка муктаждык болот.

Жыл сайын 12 миллион гектардык дыйканчылык аянты деградацияга учурап,  ушул себептен айыл чарба өндүрүшүндө келерки 10 жылда 2 пайыздык азаюнун болушу күтүлүүдө.  

Согуштардан кийин эң чоң миграциянын  чөлдөшүүдөн келип чыкканына көңүл бурулуп, жыл сайын 5,2 миллион гектардык токой аянтынын азайганы белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар