Меркель менен Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөштү

Германиянын канцлери Ангела Меркель Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен экономика, соода жана эл аралык темалар тууралуу сүйлөштү.

1434669
Меркель менен Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөштү

Германиянын канцлери Ангела Меркель Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен экономика, соода жана эл аралык темалар тууралуу сүйлөштү.

Немис өкмөтүнүн катчысы Стеффен Сеиберт тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда канцлер Меркель Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинтпин менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Немис тарабынан экономика жана энергетика министри Петер Алтмаиер да катышкан сүйлөшүүдө экономика, соода жана эл аралык маселелер да каралды.

Германиянын эрежелерге таянган жана көп тараптуу эркин соода, Дүйнөлүк Соода Уюмунун күчтөндүрүлүшү жана ырааттуу эки тараптуу карым  - катнашка кызыкканын баса белгилеген Меркель чет элдик фирмаларга бирдей мамиле кылуу темаларында алдыга карай кадам ташталышы керектигин белгиледи. Меркель ушунун негизинде Европа Биримдиги менен Кытайдын ортосунда кол коюлушу максат кылынган бир инвестиция келишиминин маанилүү бир элемент болгонун айтты.

Сүйлөшүүдө жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө кызматташуу, адам укуктары жана Гонконгдогу абалдар да каралды. Сүйлөшүүдөн мурда тараптар 3 келишимге кол коюшту.



Тектеш кабарлар