СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус көрсөткүчтөрү

1434262
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 419 миң 973төн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 500 миң 340тан ашты. Ал эми 3 миллион 806 миң 940тан ашуун  киши илдеттен айыкты.

Пандемиядан каза тапкандардын саны 115 миң 242ге жеткен АКШда, 25-майда Жорж Флойддун полициянын зомбулугунан каза болушунан кийин башталган митингдердин айынан илдетке чалдыккандардын саны өскөнү билдирилди. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты.  

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда илдеттен бир күндө 245 адам каза болуп жалпы 41 миң 128ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миң 3 жаңы учур менен бирге 290 миң 143 болду.

Италияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны бир күндө 71ге көбөйүп 34 миң 114кө жогорулады. Инфекцияга чалдыккандардын саны 1 миң 162ге кыскарып 31 миң 710го түштү. Өлкөдө 202 жаңы учур катталып жалпы жуктуруп алгандардын саны 235 миң 763 болду.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта көз жумган 23 киши менен бирге илдеттен каза тапкандардын саны 29 миң 319га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 545ке көбөйүп 192 миң 541ге жогорулады.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги,  коронавирустун жаңы түрү боюнча акыркы 72 саатта өлүм катталбаганын, каза болгондордун саны 27 миң 136 бойдон экенин белгиледи. Билдирүүдө 167 жаңы учур катталып вирусту жуктуруп алгандардын саны 242 миң 280ге жогорулаганы маалымдалды.

Португалияда акыркы 24 саатта 5 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 497ге, илдетке чалдыккандардын саны 294 жаңы учур менен бирге 35 миң 600гө жетти.

Канадада акыркы 48 саатта каза тапкандардын саны 145ке көбөйүп 7 миң 960ка, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 766га көбөйүп 98 миң 228ге жетти.

Мексикада коронавирустун себебинен 2 наристе эки аптага созулган дарыланууга карабастан чарчап калды. 15 жашка чейинки 152 баланын Ковид-19га чалдыккандыгы белгиленген өлкөдө, илдеттен 14 миң 649 киши көз жумду. Ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 124 миң 301 деп катталды.

Бразилияда вирустан каза тапкандардын саны 39 миң 797ге жетти.

Ковид-19дан каза болгондор Бельгияда 9 миң 629, Германияда 8 миң 844, Перуда 5 миң 903, Чилиде 2 миң 475ке жогорулады.



Тектеш кабарлар