Норвегияда мечитке кол салган кылмышкер эркинен ажыратылды
Өткөн жылы Норвегияда борбор шаар Ослого жакын бир мечитке жасалган кол салуунун аткаруучусу Филип Маншаус 21 жылга эркинен ажыратылды.

Өткөн жылы Норвегияда борбор шаар Ослого жакын бир мечитке жасалган кол салуунун аткаруучусу Филип Маншаус 21 жылга эркинен ажыратылды.
Сот өгөй карындашын өлтүргөндөн кийин шаар четиндеги Аль – Нур Ислам Борбордук мечитине ок аткан жана токтотууга аракет кылган бир кишини жаралаган кылмышкерге өлкөнүн мыйзамдарында сунуш кылынган эң жогорку жазаны берди.
Прокурор Йохан Оеверберг соттун берген зыянчылыктарынан бушайман эмес экенин билдирген кылмышкердин коркунучтуу киши экенин далилдегенин, ошондуктан оор жазага тартылышы керектигин талап кылган.
Кылмышкер Маншаус 2019 - жылы 10 - августта жасаган кол салууда 17 жаштагы карындашын үч жолу атып өлтүргөн, андан кийин машинасы менен мечитке барып, мечиттин айнектерин аткылаган.
Окуяда Курман айт үчүн даярданып жаткан 3 киши кол салуудан тирүү кутулуп, кылмышкерге тоскоол болууга аракет кылган бир киши жараланган.