СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1433378
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 414 миң 260тан, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 347 миң 800дөн ашты. Ал эми 3 миллион 627 миң 230дан ашуун  киши илдеттен айыкты.

АКШда пандемиядан каза тапкандардын саны 114 миң 167 болуп, илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 46 миң 53кө жетти.

Бразилияда Ковид-19дун айынан жалпы 38 миң 497 киши көз жумду. 742 кишиде болсо вирус аныкталды.

Мексикада оорудан ушул учурга чейин 14 миң 649 адам каза болду.

5 миң 738 өлүм катталган Перуда жалпы 203 миң 700дөн ашуун адамда вирус табылды. 

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда илдеттен бир күндө 286 адам каза болуп жалпы 40 миң 883кө жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миң 387 жаңы учур менен бирге 289 миң 440 болду.

Италияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны бир күндө 79га көбөйүп 34 миң 43кө жогорулады. Инфекцияга чалдыккандардын саны 1 миң 858ге кыскарып 32 миң 872ге түшкөн өлкөдө 283 жаңы учур катталды.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта 87 киши көз жумуп жалпы 29 миң 296га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 403кө көбөйүп 191 миң 996 болду.

Испанияда коронавирустун жаңы түрү боюнча акыркы 24 саатта өлүм катталган жок. Каза болгондордун саны 27 миң 136 бойдон экени белгиленди. Билдирүүдө 84 жаңы учур катталып вирусту жуктуруп алгандардын саны 241 миң 966га жогорулаганы маалымдалды.

Португалияда акыркы 24 саатта 7 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 492ге, илдетке чалдыккандардын саны 421 жаңы учур менен бирге 35 миң 306га жетти.

Австрияда вирустан 673 киши көз жумду. Ооруга кабылгандардын саны болсо 17 миң 5ке жогорулады.

Кээ бир өлкөлөрдө каза тапкандардын саны төмөнкүчө: Бельгия 9 миң 629, Германия 8 миң 831, Канада 7 миң 897, Чили 2 миң 283.



Тектеш кабарлар