АКШнын тарыхында биринчи жолу Африка тектүү күч командирлигине дацындалды

Чарльз Браунду аба күчтөрүнүн командирлигине дайындоо чечимим сенат тарабынан бекитилди.

1433314
АКШнын тарыхында биринчи жолу Африка тектүү күч командирлигине дацындалды

АКШ сенаты Африка тектүү, армиянын генералы Чарльз С. Браунду  аба күчтөрүнүн командири катары дайындалышын бекитти.

Ушундайча өлкө тарыхында биринчи жолу бир Африка тектүү генерал күч командири болуп кызмат кылат.

АКШнын президенти Дональд Трамп аба күчтөрү командирлигине талапкер көрсөткөн армиянын генералы Браун сенаттан толук колдоо алды. 98 сенатор бекиткен дайындоого эч ким каршы чыккан жок.

Дайындоонун АКШда Африка тектүү Жорж Флойддун полициянын зомбулугунан каза болушунан кийин башталган митингдер улантылып жатканда болгону көңүлдөрдү бурду.

Армиянын генералы Браун бул дайындоодон мурда АКШ Индия  - Тынч океан күчтөрүнүн аба командири катары кызмат кылып жаткан.

Трамп твиттерден берген кабарында : «АКШнын алгачкы афроамерикалык күч командири катары армиянын генералы Чарльз Браунду аба күчтөрүнүн командирлигине дайындоо чечимим сенат тарабынан бекитилди. АКШ үчүн тарыхый бир күн. Патриот жана лидер болгон армиянын генералы Браун менен жакындан иштөө үчүн толкунданып турам»,- деди.



Тектеш кабарлар