СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 403 миңден ашты.

1431260
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 403 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллиондо ашты. Ал эми 3 миллион 446 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда каза болгондордун саны 77ге көбөйүп 40 миң 542ге,жуктуруп алгандардын саны болсо 1326га көбөйүп 286 миң 194кө жогорулады. Өлкөдө күнүмдүк каза болгондордун саны алгач ирет 100дөн аз болсо дагы аптанын акырында отчет берилип жаткандагы кечигүүнүн себебинен сандар толук чындыкты чагылдырбаганы белгиленүүдө.

Италияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны бир күндө 53кө көбөйүп 33 миң 899га жогорулады. Инфекцияга чалдыккандардын саны 234 миң 998ге жеткен өлкөдө кечээ 197 жаңы учур катталды. Учурдагы бейтаптардын саны 615 кишиге кыскарып 35 миң 262ге түштү. Шашылыш камсыздоо комиссары Доменико Аржури, Ковид-19 өзгөчө кырдаалынын жоюлбаганын, бир гана вакцияна табылганда бүтө турганын айтты.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта 13 киши көз жумуп жалпы 29 миң 155ке жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо бир күндө 349га көбөйүп 191 миң 382 болду.



Тектеш кабарлар