Индияда Нисарга бороону

Бороондон мурда 19 000 киши Махараштырадан, өлкөнүн батыш жактарындагы аймактардан да он миңдеген киши эвакуацияланды.

1428808
Индияда Нисарга бороону

Индия басма сөзүнүн Индия метеорология департаменти тарабынан берилген маалыматка таяндырып берген кабарына караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө Махараштыранын жээк бөлүктөрүнө жеткен Нисарга бороону катуу жамгыр жаашына жол ачты.

Бороондон мурда 19 000 киши Махараштырадан, өлкөнүн батыш жактарындагы аймактардан да он миңдеген киши эвакуацияланды.

15 күндө экинчи жолу бир бороон болгон Индияда апаат жана чукул абал топтору Махаташтыра менен Гужарат аймагына барды.

Ылдамдыгы саатына 120 километрге жеткен Нисарга бороонунун Махараштыранын борбор шаары жана өлкөнүн финансылык борбор шаары Мумбайда таасирдүү болушу күтүлүүдө.

Индия полициясы Мумбай жээгиндеги парк жана көңүл ачуу жерлерине кирүүгө тыюу салды.

Жетекчилер өлкөнүн өзгөчө батышындагы аймактарда жашаган элди үйлөрүндө болууга чакырды.

Индия жана Багладештин  жээк жактарында 20 -  майда катуу болгон «Ампхан» бороонунда 106 киши каза болгон.

 



Тектеш кабарлар