Өткөн айда Сирияда 125 жаран өлтүрүлдү

Башар Асад режиминин армиясы жана коопсуздук күчтөрү 10 жаранды өлтүрсө, режимдин колдоочусу Россия да бир жаранды өлтүрдү.

1427607
Өткөн айда Сирияда 125 жаран өлтүрүлдү

Сирия адам укуктары желеси өлкөдө өткөн айда болгон жарылууларда 125 кишинин каза болгонун, алардын ичинен 26сынын балдар, 6сунун аялдар экенин жарыялады.

Башар Асад режиминин армиясы жана коопсуздук күчтөрү 10 жаранды өлтүрсө, режимдин колдоочусу Россия да бир жаранды өлтүрдү.

ЙПГ/ПКК террордук уюму басып алган аймактарда 7 жаранды өлтүрдү. Алардын ичинен 2сү бала болгон.

Режимге каршы куралдуу топтор 3, аскердик оппозиция топтору 7 жарандын каза болушуна себеп болду.  

Бир тараптан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн жарандар тууралуу маалымат берилген отчетто Асад режиминин 7 жана ЙПГ/ПКК террордук уюмдун 1 жаранды өлтүргөнү белгиленди.

Отчетто 97 жарандын белгисиз тараптар тарабынан жасалган жардыруу жолу менен каза болгонуна көңүл бурулду. 97 жарандын ичинен 22си балдар, 3 аялдар болгон.

Ошол эле отчетто май айы да кошулуп бул жылы Сирияда кагылышкан тараптардан кыйноо, кол салуу, кагылышуу, жардыруу жана башка себептер менен каза болгондордун саны 910го жогорулаганы маалымдалды.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар