АКШда аскердик базага кол салуу болду

Кол салуучунун кармалып же кармала электиги тууралуу маалымат берилген жок.

1428197
АКШда аскердик базага кол салуу болду

АКШнын Түндүк Дакота провинциясындагы аскердик базага жасалган кол салууда эки аскер каза болду.

Түндүк Дакотадагы Гранд Форкс аба күчтөрүнөн берилген маалыматта : «Эрте мененки сааттарда аба күчтөрү базасына атылган октон эки аскер каза тапты»,- деп билдирилди.

Маалыматта саат 04: 30 чамасында жасалган кол салуудан кийин аскердик базада абалдын текшерүүгө алынганы, башка кызматкерлердин коопсуздугунун түзүлгөнү жана териштирүүнүн улантылып жатканы белгиленди.

Териштирүү улантылып жаткандыктан каза болгон аскерлердин аттарынын 24 сааттан кийин жарыяланары билдирилген маалыматта кол салуунун аба базасына кайдан жасалганы жана кол салуучунун кармалып же кармала электиги тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар