СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза тапкандардын саны 374 миң 100дөн ашты.
Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 374 миң 100дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 281 миңден ашты. Ал эми 2 миллион 853 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.
Италияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 75ке көбөйүп 33 миң 415ке жогорулады. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 355ке көбөйүп 233 миң 19га жетти.
Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта 31 киши көз жумуп жалпы 28 миң 802ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны жөнүндө маалымат берилбеген өлкөдө илдеттен айыккандардын саны 87ге көбөйүп 68 миң 355ке жетти.
Бельгияда болсо илдеттен каза тапкандардын саны 9 миң 467ге, вируска чалдыккандардын саны 58 миң 381ге жогорулады.
5 миң 956 киши көз жумган Нидерландияда вирус жуккан кишилердин саны 46 миң 442ге жетти.
Латын Америка аймагында вирустан каза тапкандардын саны 50 миңден, ооруга чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты.
АКШдан кийин экинчи турган жана Латын Американын чордону болгон Бразилияда илдеттен 29 миң 314 киши көз жумду. 514 миң 849 кишиде вирус аныкталды.
Берки Латын Америка өлкөлөрүндө коронавирустан каза тапкандардын саны төмөнкүчө:
"Мексикада 9 миң 930, Перуда 4 миң 506, Эквадордо 3 миң 358, Чилиде 1 миң 54, Колумбияда 939, Аргентинада 539, Доминикан Республикасында 502, Панамада 336, Боливия 310, Гондураста 201, Гватемалда 102, Кубада 83, Сальвадордо 46, Гаитиде 41, Никарагуада 35, Уругвайда 22, Венесуэлада 14, Парагвайда 11, Коста-Рикада 10».
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.