АКШдагы өлкөгө жайылган окуялар

Көпчүлүк учурда кара америкалыктарды бутага алган жана негизинен өлүм менен аяктаган полиция зомбулуктарына каршы нааразычылыктар 20 штатта күчөп, жайылып жатат.

1426514
АКШдагы өлкөгө жайылган окуялар

АКШ калкы шейшемби күнү Миннесота штатында полициянын күч колдонуусунун себебинен каза болгон Жорж Флойд үчүн көчөлөрдө... Кылмышты кылган полиция камакка алынса дагы элдин каршы чыгуусу тыйыла элек.

Көпчүлүк учурда кара америкалыктарды бутага алган жана негизинен өлүм менен аяктаган полиция зомбулуктарына каршы нааразычылыктар 20 штатта күчөп, жайылып жатат.

Эң аз 8 штатта колдоо үчүн Улуттук гвардиячы бөлүктөрүнүн кызматка чакырылганы белгиленип 16 штаттагы 25 шаарда түнкүсүн көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланды.

Миннеаполистеги бир полициялык пункттун алдында чогулган жүздөгөн митингчи, көтөргөн девиз жана чакырган ураандары менен Жорж Флойд үчүн адилеттикти талап кылышты.

Шаарда команданттык саат башталары менен полиция митингчилерге катуу кийлигишти жана көздөн жаш агызуучу газ чачты. Шаарда жайгашкан 500 улуттук гвардиячынын саны болсо 10 миңге көбөйтүлдү.

Президент Дональд Трамп болсо «окуялардын токтотулушу үчүн милдетти аткарууга даяр болгонун» жарыялоосу менен каршы чыгууларды тартууда.

Трамп, көчөлөргө чыккан митингчилердин Флойддун жаркын элесин урматтабоочулук кылганын айтты.

Трамп: «Булар уюмдашкан радикалдуу солчул топтор, Флойддун элесин кирдетип жатышат. Анын эскерилиши үчүн зомбулук токтотулушу керек. Бул кишилер, бул бул Антифа тобу, алар радикалдык солчул, жаман адамдар, аларга мындай жол менен иш-аракет кыла албай тургандыгын үйрөтүү керек»,-деп айтты.

Трамп: «Жорж Флойддун Миннесотанын көчөлөрүндө каза болушу чоң трагедия болчу. Бул эч качан болбошу керек эле. Бул окуя бүткүл америкалыктарды коркунучка салды, ызаланууга жана азага салды. Американын адилеттиги эч качан ызырынган топ тарабынан камсыздалган жок. Ызаланган топтордун бул өлкөгө үстөмдүк кылуусуна уруксат бербейбиз»,-деди.

Дональд Трамп, мурдагы күнү Ак үйдүн алдында чогулган митингчилердин муну кайрадан кылган учурунда жана коопсуздук чегинен ашкан учурунда «иттер менен тосула тургандарын» айткан.

Буга карабастан митингчилер кечээ кесинде дагы бир жолу Ак үйдүн алдына чогулду. Полициянын катуу кийлигишүүсүнүн себебинен жүздөгөн киши катышкан митингдер кайрадан кагылышууга айланды.

Тарапташтарына Ак үйдүн алдында өзүн колдогон митинг өткөрүү чакырыгын салган Трамп, Твиттердеги бөлүшүүсүндө болсо, «Миннеаполистеги талап тоноолордун 80 пайызы штаттын тышынан келгендер болчу» деген ойду айтып, бул кишилердин өзгөчө африкалык америкалыктарга таандык майда фирмаларга, үйлөргө, мамлекеттик мүлктөргө, тынчтык жана теңдик каалаган миннеаполистиктерге зыян тийгизгенин айтып чыкты.

АКШнын президенти өлкөдө жайылып бараткан чыңалууну басаңдатуунун ордуна, «Либералдык губернаторлор жана мэрлер катуу чараларды көрүшү керек же болбосо федералдык өкмөт ишке аралашат жана жасалышы керек болгондорду жасайт. Буга армиябыздын чексиз күчүн колдонуу жана бир топ кишини кармап алуу дагы кошулат. Ырахмат»,деген серебин салган.

Коргоо министрлиги (Пантагон) болсо Флойддун набыт кылынышы менен башталган жана зомбулук окуяларына айланган митингдерге кийлигишүү үчүн Миннесотадагы жооптуу кызматкерлерге жардамга даяр экендиктерин жарыялады.

46 жаштагы Жорж Флойд, шейшемби күнү алдамчылык шек саноосу менен Миннеаполисте полициялар тарабынан кармалып, бир полиция тараыбнан көпкө дейре тизеси менен мойнун басышынын себебинен бир топко дейре «Дем ала албай жатам» деп жалынган эле.

Флойд жеткирилген ооруканада каза болгону белгиленип, чөйрөдөгүлөрдүн чөнтөк телефондору менен тарткан видеолору социалдык медиада чоң каршы чыгууларды тарткан эле.

Видеолор өлкөдө кара кишилерге карай полициянын зомбулук окуялары кайрадан талаш жаратып, Миннеаполистен баштап бир топ шаарда нааразылык акциялары башталган.

Аты аталышын каалабаган бир аял митингчи: «Жүздөгөн жылдардан бери болуп келген ызаланууга жана кайгыга күбө болуш үчүн бул жердебиз»,десе, башка бирөө «Бул ызалануунун жана кыжырдануунун артында акылуу себептер бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар