Ирандын түндүк - батышында болгон кагылышууда 3 аскер каза болду

Батыш Азербайжан аймагына караштуу Сердешт шаарынын элетинде Иран чек ара коргоочулары менен куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу чыкты.

1425623
Ирандын түндүк - батышында болгон кагылышууда 3 аскер каза болду

Ирандын түндүк - батышында коопсуздук күчтөрү менен куралдуу топтордун ортосунда чыккан кагылышууда 3 Иран аскери каза болду.

Иран расмий агенттиги ИРНАнын берген кабарына караганда Батыш Азербайжан аймагына караштуу Сердешт шаарынын элетинде Иран чек ара коргоочулары менен куралдуу топтордун ортосунда чыккан кагылышууда 3 Иран аскери каза болду.

Иран чек арасына жакын жерде болгон кагылышууда көп сандаган террористтин да жок кылынганы белгиленди. Кабарда бул куралдуу топтун аты билдирилбестен кагылышуу болгон аймакта андан мурда да Иран аскерлери менен ПКК жикчил террордук уюмдун Ирандагы канаты PEJAKтын ортосунда кагылышуулар болгон.



Тектеш кабарлар