Европа Биримдиги Сирияга карата чектөөлөрдү узартты
Европа Биримдиги Кеңеши Сирияда Асад режимине карата чектөөлөрдү 2021 - жыл 1 - июнга чейин узартуу чечиминин чыгарылганын билдирди.
Европа Биримдиги Кеңеши Сирияда Асад режими жана колдоочуларынын жарандык калкка карата кысымын улантылышы менен чектөөчү чараларды 2021 - жыл 1 - июнга чейин узартуу чечиминин чыгарылганын билдирди.
Маалыматта Европа Биримдигинин Сирияда элге күч колдонууда роль ойногону үчүн санкциялар тизмесине киргизилген киши саны 273 болгону белгиленди. Саякатка чыгуусуна тыюу салынган бул кишилердин Европа Биримдигиндеги мал - мүлкү да тоңдурулду.
Европа Биримдиги Сирияда санкция салган 70 мекме да бар. Араларында Сирия Борбордук банкы да болгон бул мекемелердин мал - мүлкү тоңдурулду.
Сирияга салынган Европа Биримдиги санкцияларынын арасында санкциялардын чектелиши, элге кысым жасоо үчүн колдонула турган техникалык каражат жана технология экспортуна тоскоол болуу менен нефть эмбаргосу да орун алды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.