Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал

Россияда каза болгондордун саны 4 142ге, бейтап саны 379 51ге, айыккандардын саны 150 993кө жогорулады.

1425012
Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал

 Ковид  - 19дан улам жалпы дүйнөдө  357 961 киши каза болуп, бейтап саны 5 миллион 803 99дан жогорулады.  Айыккандардын саны 2  миллион 500 000ге жакындады.

Түштүк Кореяда 296 киши вирустан каза болду. Корея ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору 24 саатта вирус жугузган 79 кишинин аныкталагнын билдирди. Бул өлкөдө акыркы 50 күндө катталган эң жогорку бейтап саны болду. Өлкөдө ушул кезге чейин 11 344 бейтап аныкталып, 10 340 киши айыккан.

Кытайда болсо вирустан 4 634 киши каза болду. Акыркы 24 саатта 2 гана жаңы учур катталган. Эки бейтап менен өлкөдө вирус жугузгандардын саны 82 995ке жетип, 78 288 киши айыкты.

Россияда каза болгондордун саны 4 142ге, бейтап саны 379 51ге, айыккандардын саны 150 993кө жогорулады.

Иранда вирустан 7 564 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 143 849 болду.

Египетте 19 кишинин вирустан улам каза болушу менен каза болгондордун саны 816га жетти. Вирус жугузгандардын саны 19 666га жогорулап, айыккандардын саны 5 205 болду.

Йемен коронавирус менен күрөшүү улуттук комитетинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 4 кишинин дагы каза болушу менен каза болгондордун саны 53кө жогорулаганы билдирилди. Вирус жугузгандардын саны 256га жетти.

Бириккен Араб Эмираттарынын саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ковид  - 19дан 255 кишинин каза болгону билдирилди. Жалпы өлкөдө 31 969 киши вирус жугузган.  Ал эми 16 371 киши айыккан.

Ливия оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук борбордон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта дагы бир кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 4кө жеткени белгиленди. 20 кишиге вирус жукканы такталып бейтап саны 99га жогорулаганы да билдирилди.

Мароккодо саламаттык сактоо министрлиги 24 кишиде дагы вирустун аныкталганын жана бейтап саны 7 601ге жогорулаганын билдирди. Вирустан каза болгондордун саны болсо 202ге жеткен.

Сауд Арабия башкаруусу Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде ишке ашырган чараларды жеңилдетүү жана нормалдуу турмушка кайтуу максатында жекшемби күндөн тарта Меккеде ишке кире турган «эки баскычтуу нормалдашуу планын» билдирди.

3696 киши каза болгон Африка материгинде Ковид  - 19 вирусун жугузгандардын саны 124 482ге жогорулады. Айыккандардын саны 51 миң 95 болду. Эң көп вирус жугузган  аймактардын башында 33 566 бейтап менен Түндүк Африка турса, Батыш Африкада 31 279, Түштүк Африкада 27 858, Борбордук Африкада 13 929 жана Чыгыш Африкада 13 850 бейтап катталды.

Алжирде вирустан 623, Түштүк Африкада 552, Нигерияда 254, Суданда 195 жана Камерунда 175 киши каза тапты.  

 



Тектеш кабарлар