Иранда жер титирөө болду

Жер титирөө жердин 12 километр тереңдигинде болгону билдирилди.

1424326
Иранда жер титирөө болду

Ирандын борбор шаары Тегеранда 4 баллдык жер титирөө болду.

Тегеран университетинин сейсмологиялык борборунан берилген маалыматка караганда эпицентри Тегеран аймагына караштуу Демавенд району болгон жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:41де 12 километр тереңдикте болгону билдирилди.

Жер титирөөдө зыян тартуунун болуп же болбогону тууралуу маалымат берилген жок.

 



Тектеш кабарлар