Чыгышта коронавирус тууралуу абал

Казкстанда вирустан 35 киши каза болуп, 8 969 киши вирус жугузган. Өлкөдө карантин улантылууда.

1424228
Чыгышта коронавирус тууралуу абал

Жалпы дүйнөдө  жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 352 287ден жогорулады. Вирус жуккан киши саны  5  миллион 688 840тан, айыккандардын саны 2 миллион 432 236дан ашты.

Түштүк Африка өлкөсү Мозамбикте  жаңы тип коронавирустан биринчи өлүм болгону белгиленди. 14 жаштагы бир бала каза болгон өлкөдө 209 бейтаптын жарымынан көбүн 14 жашка чейинки балдардын түзүшү тынчсыздантууда.

Белоруста  Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 208ге, вирус жугузгандардын саны  38059га жогорулады.

Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 52ге жеткен Азербайжанда 132 кишиде вирустун аныкталышы менен бейтап саны 4 403кө жогорулады.

Казкстанда вирустан 35 киши каза болуп, 8 969 киши вирус жугузган. Өлкөдө карантин улантылууда.

Өзбекстанда вирустан 13 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 3 281ге жетти. Президент Шавкат Мирзиеев бейтаптардын жарымынын өлкө тышынан кайтып келген жарандар экенин айтты.

Тажикстанда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 47ге жогорулап, бейтап саны 3 266га чыкты.

Молдовада болсо 3 кишинин дагы каза болушу менен каза болгондордун саны 268ге жетти. Каза болгон 3 кишинин бирөөсү медициналык кызматкер. Вирус жугузгандардын саны  7 305ке жогорулады. Бейтаптардын жетөөсү Молдовага караштуу Гагавуз жергесинде экени аныкталды.

Украинада вирустан 644 киши каза болду. Өлкөдө 30 -  майдан тарта Премьер Лига жана кубок оюндарынын өткөрүлүшү  үчүн урксат берилди. 10 -  июнда да ресторан менен кафелердин ачылары белгиленди.

Египетте болсо вирустан каза болгондордун саны 797ге жетсе, Алжирде 617ге, Иракта 169га жогорулады.

Иорданияда 9 киши каза болуп, Ковид  - 19 тести позитив чыккан бейтап саны 718ге жогорулады.

Ливияда болсо 3 киши каза болгон болсо дагы 2 кишиде вирустун аныкталышы менен бейтап саны 77ге жеткени билдирилди.

Сауд Арабияда коронавирустан 411 киши каза болуп, 76726 бейтап аныкталды. Өлкөдө жекшемби күндөн тарта калыбына келтирүүнүн баскыч түрүндө башталары билдирилди.

4 киши каза болгон Зимбабведе 56 кишиде коронавирус аныкталды. Улуттук массалык маалымат каражаттарында чыккан кабарларда жалпы өлкөдө Ковид  - 19 эрежелерин бузган 40682 кишинин камакка алынганы белгиленди.

Малайзияда каза болгондордун саны 115, вирус жугузган киши саны 7 604кө жетти. Айыккандардын саны 6041деп билдирилди. Өкмөт жаңы тип коронавирус аныкталган бейтаптардын ооруканада дарылангандан кийин дароо чыгарылбай турганын, 14 күндөн кийин чыгарыларын билдирди.

Башка өлкөлөрдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө :

Иранда 7 миң 508, Кытайда 4 миң 634, Индияда 4 346, Россияда 3  807, Индонезияда 1418, Пакистанда 1225, Түштүк Африка Республикасында 524, Бангладеште 522, Бириккен Араб Эмираттарында 253, Кувейтте 172, Катарда 28 жана Сингапурда 23.



Тектеш кабарлар