Австралияда Covid-19 вакцинасы адамдарга сынала баштады

"NVX-CoV2373" деп аталган вакцина иштелип чыкты.

1423742
Австралияда Covid-19 вакцинасы адамдарга сынала баштады

Австралияда коронавирустун жаңы түрүнө (Covid-19) каршы иштелип чыккан вакцинанын адамдарга сыноо процесси башталды.

АКШда жайгашкан «Novavax» биотехнология компаниясынын илимий жетекчиси Грегори Гленн видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйында, вакцинаны сыноо ишинин биринчи баскычы Австралиядагы бир нече ыктыярчылар менен башталганын жарыялады.

Биринчи этаптын алкагында "NVX-CoV2373" деп аталган вакцинанын жалпысынан 131 ыктыярчыга бериле тургандагын айткан Гленн, бул баскычта вакцинанын коопсуздугу сыналып, анын таасирлерине байкоо салына тургандагын кабарлады.

Гленн билдиргендей, Novavax бул жылы кеминде 100 миллион, 2021-жылы болсо 1,5 миллиард дозасын өндүрө алат.

Новавакстын маалыматына караганда, Австралиянын Мельбурн жана Брисбан шаарларында вакцина сыноолорунан июль айында натыйжа чыгышы күтүлүүдө.

Экинчи баскычтын июлдан кийин ар кайсы өлкөлөрдүн миңдеген катышуучулары менен ишке ашаары билдирилди.



Тектеш кабарлар