СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 344 миң 500дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 436 миңден ашты.

1422938
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

 

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 344 миң 500дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 436 миңден ашты. Ал эми 2 миллион 273 миң 200дөн ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда акркы 24 саатта илдеттен каза болгондордун саны 1010го көбөйүп  98 миң 706 киши болду.1 миллион 666 миң 800дөн ашуун  кишиде вирус аныкталды. Президент Дональд Трамп бир канча штатта Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн жеңилдетилиши менен Виргиния штатындагы өзүнө таандык гольф аянтына барды. Консервативист медианын «өлкөнүн нормалдашуусуна кайтуу процессине колдоо» белгиси деп жорумдалган сапар, негизги агым либералдык медиада жана Демократтарда каршы чыгууну жаратты.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда акыркы 24 саатта 282 киши көз жумушу менен жалпы каза болгондордун саны 36 миң 675ке жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миң 959га көбөйүп жалпы 257 миң 154кө жогорулады.

Италияда пандемиядан каза тапкандардын саны бир күндө 119га көбөйүп 32 миң 735ке жогорулады, бейтаптардын саны 1570ке кыскарып 57 миң 752ге түштү.

Францияда каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 43кө көбөйүп 28 миң 332ге жетти, вирус аныкталгандардын саны 240 кишиге көбөйүп 219 миң 322 болду.

Испанияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны акыркы бир күндө 48 кишиге көбөйүп 28 миң 678ге жетти, жуктуруп алгандардын саны 361ге көбөйүп 235 миң 290го жогорулады. Премьер-министр Педро Санчез, маалымат жыйынында пандемия аяктагандан кийин Ковид-19дун өлкөдө эмне үчүн эң көп картаңдар үйлөрүндөгү улгайган адамдарга таасир тийгизгени изилдене турганын айтты.

8 миң 352 киши каза тапкан Германиянын Франкфурт шаарындагы бир чиркөөдө өткөн сыйынууга катышкан 40тан ашуун кишиге Ковид-19 жукту. 10-майдагы сыйынууга канча кишинин катышканы болсо белгисиз.

Нидерландияда Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 11 кишиге көбөйүп 5 миң 822ге жетти. Жуктуруп алгандардын саны 172ге көбөйүп жалпы 45 миң 236га жогорулады.

Ковид-19га байланыштуу алгачкы өлүм 11-майда катталган Данияда акыркы 48 саат бою жан жоготуу болбогону билдирилди. 561 киши каза тапкан өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 11 миң 289 болду.

Бразилияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны соңку 24 саатта 1715ке көбөйүп 22 миң 165ке жетти.

Канадада Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 6 миң 355ке жетти. Өлкөдөгү вирус жуктуруп алгандардын саны 83 миң 621 болду.



Тектеш кабарлар