Венгер басма сөзүнөн түрк учкучсуз куралдуу абаа унаасына мактоо

Кабарда : «Түркия өз аскердик учагын, учак конуучу кемесин, ок өткөрбөс унааларын чыгарып жана чыгарган дрондору да мыкты иштерди аткарууда»,- деп билдирилди.

1422434
Венгер басма сөзүнөн түрк учкучсуз куралдуу абаа унаасына мактоо

Венгриянын «Magyar Nemzet» гезити Түркиянын өз өндүрүшү болгон жаңы муундагы куралдуу учкучсуз аба унаасы менен Ливияда согуштун жүрүшүн өзгөрткөнүн, булардын Сирияда да колдонулганын жазды.

«Magyar Nemzet» гезитинде Давид Ласзло жазган  макалада Түркиянын салган инвестицияларынын натыйжасында  бүгүн көз карандысыз  коргонуу өнөр жайына ээ экендигин жана чыгарылган жабдыктарды экспорттой баштаганын жазган. Кабарда Түркиянын Ливиянын БУУдагы мыйзамдуу өкүлү Ливия өкмөтүн колдоп согуштун жүрүшүн өзгөркөнүн, түрк куралдарынын аянтта да өзүн далилдегени билдирилди.

Түркиянын башка өлкөлөрдү байытуунун ордуна өзүнүн көз карандысыз коргонуу технологиясын чыгарганы баса белгиленген кабарда : «Түркия өз аскердик учагын, учак конуучу кемесин, ок өткөрбөс унааларын чыгарып жана чыгарган дрондору да мыкты иштерди аткарууда»,- деп билдирилди.

Түркиянын акыркы 10 жылда «Алтай» танкы, «Фыртына» пушкасы, «Т  - 129 Атак» тик учары сыяктуу долбоорлорго кол койгонуна көңүл бурулуп, чыгарылышы улантылып жаткан учак конуучу кемесин да бул жылдын ичинде деңизге түшүрүүнү пландаганы тууралуу маалымат берилди.



Тектеш кабарлар