СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнү тооруп алды.

1421771
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 334 миң 848ден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 207 миң 910дон ашты. Ал эми 2 миллион 83 миң 393төн ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда илдеттен 96 миң 354 киши көз жумду.1 миллион 621 кишиде вирус аныкталды. АКШнын президенти Дональд Трамп Ковид-19дун кесепетинен каза тапкандар үчүн желектер өлкөдө 3 күн бою ылдый түшүрүлөт деп жарыялады. Ошондой эле Трамп экинчи Ковид-19 толкуну чыкса, өлкөнүн экономикасын токтото албай тургандыгын билдирди. Пандемиялык процесстен өз өлкөсүнүн көп нерсени үйрөнгөнүн белгилеген Трамп, келе жаткан толкундарга алар  даяр экендигин жактады.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 363 адамга артып 35 миң 704кө жогорулады, жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миң 472ге көбөйүп 248 миң 293 болду.

Италияда пандемиядан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 156га көбөйүп 32 миң 486га жогорулады. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 228 миң 6га түштү.

Францияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 83 кишиге көбөйүп жалпы 28 миң 215ке, жуктуруп алгандардын саны болсо 181 миң 826га жетти.  

Испанияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 48ге көбөйүп 27 миң 940ка жогорулады. Өлкөдө 5 күндөн бери 100 кишинин астында өлүм катталууда. Ушул эле мезгилде аныкталган бейтаптардын саны болсо 344 болду.

Латын Америка өлкөсү Мексикада бир суткада 424 адам каза болуп жалпы 6 миң 90го жетти. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 2 миң 248ге көбөйүп 59 миң 567ге жогорулады.

Кээ бир өлкөлөрдө каза тапкандардын көрсөткүчү төмөнкүчө:

«Англия 36 миң 42, Бразилия 20 миң 47, Бельгия 9 миң 186, Германия 8 миң 309, Канада 6 миң 152, Нидерландия 5 миң 775, Швеция 3 миң 871, Перу 3 миң 148, Эквадор 2 миң 939, Швейцария 1898, Ирландия 1583, Португалия 1277, Польша 972, Чили 589 жана Беларусь 185»



Тектеш кабарлар