Россия "Ачык мейкиндик" тууралуу жооп берди

Россия АКШнын «Ачык мейкиндик» келишиминен чыгарына байланыштуу расмий билдирүү күтүп жатат.

1421765
Россия "Ачык мейкиндик" тууралуу жооп берди

Россия АКШнын «Ачык мейкиндик» келишиминен чыгарына байланыштуу расмий билдирүү күтүп жатат.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова мамлекеттик Россия  - 24 каналына берген маалыматта : «АКШнын келишимден чыгарына байланыштуу дипломатиялык каналдар аркылуу расмий бир билдирүү Россия тарабына келген жок. Россия АКШнын бул маселе боюнча позициясын такташын күтүп жатат»,- деди.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушенко да орус маалымат агенттиги ТАССка берген маалыматта : «АКШнын бул келишимден чыгышы, Европанын ырааттуулугуна жана аскердик коопсуздугуна сокку болот»,- деди .

Россиянын тышкы иштер министрлиги Курал текшерүү департаментинин төрагасы Владимир Ермаков болсо АКШ келишимден чыга турган болсо «Б планынын» бар экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар