Мексикада мамонттун калдыктары табылды

Калдыктардын 15 миң жылдык экени белгиленди.

1421784
Мексикада мамонттун калдыктары табылды

Мексиканын борбор шаары Мехикодо салынып жаткан жаңы аэропорттун курулуш аянтынан мамонттун калдыктары табылды.

Германиянын Deutsche Welle (DW) медиа мекемесинин кабарына караганда, «Фелипе Анжелес» эл аралык аэропортунун курулушунан мамонттун 60тан ашык сөөгү табылды.

Мексиканын Улуттук антропология жана Тарых институтунун (INAH) билдирүүсүндө, табылган мамонттун калдыктары 15000 жылдык экени белгиленди.

Сөөктөрдүн Колумбия мамонту түрүнө таандык деп эсептелүүдө.

Ошондой эле казуу иштеринде бизон, төө, жылкынын калдыктары, адамдын сөөктөрү жана ар кандай артефакттар да табылды.



Тектеш кабарлар