Дональд Трамп «Ачык мейкиндик» келишиминен чыгышарын билдирди

Дональд Трамп Ак үйдүн короосунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1421760
Дональд Трамп  «Ачык мейкиндик» келишиминен чыгышарын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Россия жоопкерчилигин орундатканга чейин «Ачык мейкиндик» келишиминен чыгышарын билдирди.

Дональд Трамп Ак үйдүн короосунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ачык мейкиндиктер келишиминен чыгарына байланыштуу айтылган сөздөрдү ырастаган Трамп : «Россия менен карым – катнаштарыбыз мыкты бирок Россия бул келишимге баш ийбей жатат. Россия жоопкерчлигин аткарганга чейин келишимден чыгабыз бирок бул жаңы келишим түзүү же бул келишимди кайрадан чогултуу үчүн мыкты бир мүмкүнчүлүк»,- деди.

Россия менен АКШ аскердик иш чараларда тактыкты колдоо, курал текшерүүнү жана башка келишимдерди байкоону жеңилдетүү максатында куралсыз чалгындоо учууларына уруксат берген «Ачык мейкиндик» келишимине кол койгон 34 өлкөнүн арасында орун алууда.Европа Коопсуздук жана Кызмататштык аймагында ишеним жана коопсуздукту арттыруучу чара катары көрүлгөн, 1992 -  жылы кол коюга ачылган «Ачык мейкиндик» келишиминин тараптарынын арасында Түркия да бар.



Тектеш кабарлар