АКШ жаңы вакцина үчүн 1,2 миллиард доллар төлөйт

АКШ менен AstraZeneca келишим түздү.

1421615
АКШ жаңы вакцина үчүн 1,2 миллиард доллар төлөйт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы, Улуу Британияда жайгашкан AstraZeneca PLC фармацевтикалык компаниясына октябрь айында сатылышы мүмкүн болгон коронавирустун (Ковид-19) жаңы вакцинасы үчүн 1,2 миллиард доллар төлөйт.

Америкалык маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, Оксфорд университетинин Ковид-19 вирусуна каршы иштеп чыгууга аракет кылган вакцинаны жасап жана тарата турган AstraZeneca фармацевттик компаниясы АКШнын администрациясы менен келишим түздү.

Келишимдин алкагында АКШ компанияга 1,2 миллиард доллар төлөп берет жана анын ордуна 30 миң адамга вакцина сыноосу өткөрүлүп, өндүрүш көлөмү кеминде 300 миллион дозага көтөрүлөт.

Оксфорд университетинде бир нече вакцина модели бар жана учурда адамдарда сыноодон өтүүдө.

Натыйжалуу болсо, алгачкы дозалар күзүндө даяр боло тургандыгы белгиленди.

АКШ эл аралык фармацевттик компаниялары Moderna and Johnson & Johnson менен жалпы суммасы 939 миллион долларлык келишим түзүп, иштелип жаткан Ковид-19 вакцинасын сатып алган биринчи өлкө болууну көздөйт.



Тектеш кабарлар