Норвегия аба мейкиндигинде бомбалоочу учак машыгуусу өткөрүлдү

АКШ аба күчтөрүнө караштуу эки Америка B-1B Lancer моделиндеги атомдук көлөмдөгү бомбалоочу учак жана Норвегиянын Ф  - 35 учагы менен биргеликте  машыгуу өткөрүлдү.

1421248
Норвегия аба мейкиндигинде бомбалоочу учак машыгуусу өткөрүлдү

АКШ аба күчтөрүнө караштуу эки Америка B-1B Lancer моделиндеги атомдук көлөмдөгү бомбалоочу учак Норвегия аба мейкиндигинде бул өлкөнүн Ф  - 35 учагы менен биргеликте бомбалоочу учак машыгуусун аткарды.

АКШ аба күчтөрү тарабынан бул тууралуу берилген маалыматта эки бомбалоочу учактын Түштүк Дакотадагы Ellsworth базасынан учуп Түндүк Европага барганы белгиленди. Бул жердеги машыгуулардын негизинде B-1B учактарынын Норвегия аба аянтына кирген жана 4 Норвегия Ф  - 35 учагы менен интеграция жана биргелешкен бомбалоо машыгууларын аткарышкандары белгиленди.

АКШнын кээ кээде аймакка стратегиялык учактарын машыгуу максатында жибергендиги эске салынган маалыматта : «Бүгүнкү машыгуу түрүнүн эң чоң мисалы эле»,- деди.

Бул жылы АКШнын Европада 75 000 аскерди камтыган «Европаны

коргоо» машыгуусун өткөрүшү пландалып жаткан бирок жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам бул машыгуунун масштабы маанилүү өлчөмдө кичирейтилди.



Тектеш кабарлар