Лотореядан Пикассонун 1 миллион евролук картинасына ээ болду
Францияда кайрымдуулук иши үчүн өткөрүлгөн лотереяда италиян бир аял испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун майлуу боек картинасын утуп алды.
Францияда кайрымдуулук иши үчүн өткөрүлгөн лотереяда италиян бир аял испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун майлуу боек картинасын утуп алды.
Уюштуруучулар 1 миллион еврого баалаган Пикассонун Nature Morte картинасы үчүн борбор шаар Парижде Christie's аукцион үйүндө электрондук лоторея өткөрүлдү.
Картинаны утуп алган билеттин ээси италиялык Клаудиа Боргогно болду.
Лотеря үчүн ар бири 100 евродон 100дөн ашуун өлкөдө 51 140 билет сатылган. Билет сатуудан түшкөн кирешенин Мадагаскар жана Камерундагы айылдарга суу алып баруу үчүн колдонулары белгиленди.
Уюшуруучулар Италияда декабрь айында башка бир киши тарабынан сатып алынган билеттин Боргогного белек кылынганын билдиришти.
Картинанын миллиардер, колекциончу Девид Нахманд тарабынан берилгени, Нахмадга 900 000 евро төлөнөрү маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.