Ливиядагы абал

Ливия армиясынын аба элементтери Сирте шаарынын жакындарындагы Хафтер куралдуу кишилерине карата операция жүргүздү.

1421114
Ливиядагы абал

Ливия армиясынын аба элементтери Сирте шаарынын жакындарындагы Хафтер куралдуу кишилерине карата операция жүргүздү.

Ливия армиясынын расмий катчысы подполковник Мухаммед Кунуну берген жазуу түрүндөгү маалыматында Сирте шаарынын Меррах аймагында өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилер жайгашкан аймактарга абадан операция жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Куралдуу кишилердин буктурмаларын бутага алганын, 12 куралдуу кишинин жараланганын, каза болгондордун да болгонун айткан Кунуну элди аскердик аймактар менен кагылышуулардан алыс болууга чакырды.

Кунуну аба элементтеринин планга ылайык Терхуне жана Сирте жакындарындагы Вешкан аймагында байкоо учушун аткарганын белгиледи. Кунуну кечээ түнү берген маалыматта Терхуне шаарына 5 аба операциясынын жүргүзүлгөнүн жарыялаган.

Ливия армиясынын аба элементтери акыркы 72 саатта Хафтер күчтөрүнө таандык орус абадан коргонуу системасы болгон 8 Панцирди жардырган жана атылган Панцирлерден бирөөсү кечээ борбор шаар Триполинин Шейиттер аянтында көргөзмөгө коюлган.



Тектеш кабарлар