АКШ Россияга дем алдыруу аппаратын жиберет

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 60 өлкөгө 15 000 дем алдыруу аппаратын жиберүүнү пландашкандарын жарыялады.

1421120
АКШ Россияга дем алдыруу аппаратын жиберет

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Россияга жаңы тип коронавирус менен күрөшүү үчүн 200 дем алдыруу аппаратын берерин билдирди. Помпео АКШнын Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде берген медициналык жардамдары тууралуу твиттерден жазуу түрүндө билдирди.

АКШнын эпидемия менен күрөшүүдө багыш жана жардам тууралуу «глобалдык лидер» экенин белгилеген Помпео 60 өлкөгө 15 000 дем алдыруу аппаратын жиберүүнү пландашкандарын жарыялады.

Россияга да жардам беришкендерин  белгилеген Помпео : «АКШ Россия калкына Америкада жасалган 200 дем алдыруу аппаратын берет»,- деди.

Россия да өткөн айда "AN-124" моделиндеги аскердик жүк ташуучу учак менен АКШга медициналык каражат жиберген.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШнын президенти Дональд Трамптын жиберилген жардамды «ыраазычылык» менен кабыл алганын белгилеген бирок АКШ тарабы материалдардын жардам эмес экенин, түзүлгөн келишимдин негизинде сатып алганын билдирген.



Тектеш кабарлар