СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндөгү кырдаал

Дүйнөдө Covid-19дан каза тапкандардын саны 323 миңден ашты.

1420169
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндөгү кырдаал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 323 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллионго жакындады. Ал эми 1 миллион 940 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда 92 миңден ашуун киши көз жумду. Вирустан эң көп таасирленген Нью-Йоркто көбүнчө кара түстүү адамдар менен латын америкалыктардын каза тапкандары аныкталды. Президент Дональд Трамп, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан (ДСУ) кандай реформа каалап жатасыздар деген суроого: «ДСУ өзүнө тыкан болуп, жакшыраак ишти жасашы керек»,-деп жооп берди.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 545 адамга артып 34 миң 341ге жогорулады, жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миң 412ге көбөйүп 248 миң 818 болду. Саламаттык сактоо министри Матт Ханкок, парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө Ковид-19дун кесепетинен каза болгондордун 89 пайызы 69 жашта же андан жогорку курактагылар экенин кабарлады.

Италияда пандемиядан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 162ге көбөйүп 32 миң 169га жогорулады. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 1 миң 424кө кыскарып 65 миң 129га түштү.

Францияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 28 миң 22ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 813кө көбөйүп 217 миң 339га жогорулады. Экинчи жагынан, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы директору Жером Саломон, Кавасаки оорусуна окшош белгилери бар синдромдун Франциядагы 152 балада байкалганын жана бул илдеттин учурдагы эпидемия менен байланышы бар же жок экендиги изилденип жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар