АКШда вакцина сыноосу ийгиликтүү өттү

Модерна биотехнологиялык фирмасы Ковид-19 вакцинасы жөнүндө үмүт берүүчү билдирүү жарыялады.

1419874
АКШда вакцина сыноосу ийгиликтүү өттү

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцинанын биринчи клиникалык изилдөөлөрүндө «оң» натыйжалар алынды.

Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча Улуттук институту менен тыгыз кызматташкан Массачусетсте жайгашкан Модерна биотехнологиялык фирмасы Ковид-19 вакцинасы жөнүндө үмүт берүүчү билдирүү жарыялады.

Вакцинанын биринчи фазалык клиникалык сыноо баскычынын изилденгендиги белгиленген түшүндүрмөдө, бул эксперименттерде вакцинанын адам денесинде Ковид-19га чалдыккан адамдардын денесиндей эле иммунитет пайда кылганы айтылды.

Билдирүүдө биринчи баскычта 8 адамга клиникалык эксперимент жүргүзүлүп, вакцина берилген адамдардын денесинде Ковид-19дан айыккан кишилердин деңгээлинде же андан жогорку деңгээлде антителолор байкалгандыгы белгиленди.

Ошондой эле вакцина иштеп чыгуу аракеттеринин экинчи фазасы жакында баштала тургандыгы, үчүнчү баскычтын июль айына пландалганы билдирилди.



Тектеш кабарлар