Ливия армиясы Хафтердин абадан коргонуу системасы менен учкучсуз учуучу куралдуу аппаратын жок кылды

Ливия өкмөтүнө караштуу күчтөр 25-мартта «Тынчтык шамалы» операциясын баштаган, 13-апрелде да Триполинин батыш жагындагы 7 аймак жана бир шаарды Хафтер террористтеринен кайтарып алган.

1418745
Ливия армиясы Хафтердин абадан коргонуу системасы менен учкучсуз учуучу куралдуу аппаратын жок кылды

Ливия армиясы Хафтер террористтерине таандык абадан коргонуу системасын бузду жана учкучсуз учуучу куралдуу аппаратын атып түшүрдү.

Ливия армиясы өлкөнүн чыгыш жагындагы мыйзамсыз куралчан күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтердин басып алуусу астындагы Ваттийе аскердик аба базасына өткөрүлгөн Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) камсыздаган Россиянын "Панцир"абадан коргонуу системасын  жана кытайлык Wing Loong II тибиндеги учкучсуз учуучу куралдуу аппаратын жок кылышканын жарыялады.

Хафтер террористтеринин басып алуусу астындагы эки курал сакталуучу амбардын да Ливия армиясына таандык аба элементтери тарабынан бутага алынганы бөлүшүлдү.

Ливия армиясы кечээ дагы базага өткөрүлгөн Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) камсыздаган Россиянын "Панцир"абадан коргонуу системасын  жок кылгандарын жарыялаган.

Ливия өкмөтүнө караштуу күчтөр 25-мартта «Тынчтык шамалы» операциясын баштаган, 13-апрелде да Триполинин батыш жагындагы 7 аймак жана бир шаарды Хафтер террористтеринен кайтарып алып борбор шаардан Тунис чек арасына чейин созулган жээк тилкесинде 3 миң чарчы киломтердик аянтты террористтерден тазалаган болчу.

Ливия армиясы базаны террористтерден кайтарып алыш үчүн жүргүзгөн операциялар менен жалданма аскерлер менен террористтердин баш калкалоочу жайы жана жарандарга карай абадан кол салуулардын борборуна айланган Ваттийе аскердик аба базасынын таасирин жок кылууну максаттаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар