Батыш өлкөлөрүндө коронавирус

Дональд Трамп : «Жылдын акырында колубузда вакцинанын болорун болжолдоп жатабыз. Жасай ала турган болсок андан мурда колубузда болот»,- деди.

1418366
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө крорнавирустан 308 655 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны да 4 миллион 628 879дан ашты. Айыккандардын саны 1 миллион 759 729га жетти.

88 507 киши каза болгон АКШда президент Дональд Трамп : «Жылдын акырында колубузда вакцинанын болорун болжолдоп жатабыз. Жасай ала турган болсок андан мурда колубузда болот»,- деди.

Ак үйдө пресс- жыйын өткөргөн Трамп : «Бул тууралуу биздин эгобуз жок. Союздаштарыбыз менен иштеп жатабыз. Кээде союздашыбыз болбогондор менен да иштеп жатабыз. Вакцинаны ким чыгарса да мыкты болот»,- деди. Ошол эле учурда тамак- аш жана дары – дармек башкармалыгыАк үй колдонгон жаңы тип коронавирус тесттеринин «жаңылыш жыйынтык берүү ыктымалы жогору» деген сөздөрдөн кийин вирус шектенүүсү болгон кишилерге экинчи бир тесттин керек экендигин билдирди. Дарыланып АКШнын "USS Theodore Roosevelt" учак конуучу кемеге кайтып барган 5 аскерден жаман кабар келди. Аскерлердин кайрадан коронавирус жугузгандыгы билдирилди. 4 900 аскер кызмат кылган жана март айында Гуам аралына якорь таштап карантинге алынган кемеде акыркы жолу вирус жугузган киши саны 1000ден ашкан.

Трамп коронавирус менен күрөшүү үчүн Индияга деп алдыруу аппараты боюнча жардам беришерин жарыялады.

АКШ ооруларды көзөмөлгө алуу жана алдына алуу борборунун директору Роберт Редфиелд 1 -июнга чейин вирустан каза болгондордун саны 100 000ден ашары болжолдолуп жатканын билдирди. АКШнын биофармацевтика фирмасы "Sorrento Therapeutics" адамдын денесин коронавирустан коргогон жана вирусту 4 күндүн ичинде денеден чыгарган бир антитело табышкандарын билдирди. Фирма тапкан STI-1499 аттуу антителонун Ковид- 19 вирусуна 100 пайыз тоскоол болгонун жактап, бул антитело дарылоосунун Ковид- 19 вакцинасы рынокко чыккандан мурда даяр болорун белгиледи. Трамптын токтоткон фонддордун бир бөлүгүн Ковид- 19 эпидемиясында «Кытайга карата кыймыл кылуу» жана ийгиликсиздик менен күнөөлөгөн ДСУга кайрадан берери ортого салынды.Fox Newsка келген 5 беттик катта Трамп башкаруусу белгилүү тармактарда Кытай төлөгөнчөлүк акчаны ДСУгаберет. АКШ өкүлдөр парламенти жаңы тип корпонавируска каршы 3 триллион долларлык жаңы экономикалык жардам пакетин бекитти.

Европадагы эпидемиянын очогу болгон Британияда 34 миң киши каза болду. Бир изилдөөдө жаңы тип коронавирусту алдына алуунун мыкты жолдорунун бири катары көрсөтүлгөн бет капты аялдарга караганда эркектердин аз колдонгону аныкталды. Өзгөчө эркектердин 15 пайызы жана аялдардын да 11 пайызынын бет кап колдонууга этияттык менен карагандыгы жана колдонбошу мүмкүн экенин айтканы аныкталган изилдөөдө эркектердин бет кап колдонууну күчсүздүктүн көрсөткүчү экендиги жана жакшы көрүнбөйт деген негиз менен аялдарга караганда дагы аз колдонгондугу ортого чыкты.

Италияда вирустан каза болгондордун саны акыркы бир күндө 242 кишиге көбөйүп жалпы 31 610гө жетти. Бейтап саны 4 370ке азайып 72 миң 70 болду. Бир тараптан өлкөдө өкмөт жана ислам коомунун өкүлдөрү Ковид- 19га карата көрүлгөн чаралардан улам жабылган мечиттердин 18 -майда ачылышы тууралуу келишти.

Францияда Ковид- 19дан 27 529 киши каза болуп, вирус аныкталган киши саны212 632ге жогорулады.

14 000ден ашуун киши каза болгон Бразилияда бир ай мурда кызматын баштаган саламаттык сактоо министри Нельсон Теич кызматынан кетти.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар