Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнөдө Covid-19дан каза тапкандардын саны 300 миң 438ден ашты.

1417889
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 300 миң 438ден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 527 миң 811ден ашты. Ал эми 1 миллион 706 миң 174төн ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дун себебинен  көз жумгандардын саны 85 миңден ашты. Президент Дональд Трамп жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жөнүндө жаңы билдирүүлөрдү жарыялай тургандыгын кабарлады. Журналисттерге берген маалыматында Трамп: «Ушул жылдын аягына чейин бизде вакцина болот деп ойлойм», - деди.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 262ге көбөйүп 31 миң 368ге жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 2 миң 17ге кыскарып, 76 миң 440ка түштү.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 351ге көбөйүп 27 миң 425ке жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 521ге көбөйүп  214 миң 690го жогорулады.

Ковид-19дун кесепетинен Канадада каза болгон адамдардын саны акыркы 48 саатта 293кө көбөйүп 5 миң 576га, ал эми вирусту жуктургандардын саны 2 миң 244кө көбөйүп 73 миң 401 болду.

13 миң 999 адам каза тапкан Бразилияда, ооруга чалдыккандардын саны 13 миң 944кө көбөйүп 202 миң 918ге жетти.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дун кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

"Англия 33 миң 614, Испания 27 миң 321, Бельгия 8 миң 903, Германия 7 миң 928, Голландия 5 миң 590, Мексика 4 миң 477, Швеция 3 миң 529, Перу 2 миң 267, Швейцария 1872, Ирландия 1506 жана Португалия 1184. "



Тектеш кабарлар