Урсула фон дер Лайен калыбына келүүнүн акырындык менен болорун айтты

Лайен эч качан ылдам түрдө калыбына келүүнүн болбой турганын, калыбына келүүнүн убакытты аларын белгиледи.

1417203
Урсула фон дер Лайен калыбына келүүнүн акырындык менен болорун айтты

 Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен коронавируска карата көрүлгөн чаралардын ылдам түрдө жоюлбай турганын, калыбына келүүнүн акырындык менен жана баскыч түрүндө болорун айтты.

Лайен жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Европа Парламентинин Жалпы Кеңешинин отурумунда сөз сүйлөдү.

Ковид  - 19дан улам жеткирүү чынжырларынын бузулуп,  суроо  - талаптын төмөндөгөнүн айткан Лайен : «Мындан мурда экономика акырындаган мезгилдерди көрдүк бирок эч качан экономика акыркы үч айдагыдай токтоп калган эмес»,- деди.

Лайен эч качан ылдам түрдө калыбына келүүнүн болбой турганын, калыбына келүүнүн убакытты аларын белгиледи.

Европа өлкөлөрүнүн эпидемия менен күрөшүү көлөмүнүн башка экенин айткан Лайен экономикасы туризм сыяктуу  тейлөө тармагына байланыштуу болгон өлкөлөр жана аймактардын эпидемиядан дагы көп зыян тартарын айтты.  Лайен пландашкан Ковид  - 19 экономикалык куткаруу пакетинин Европа Биримдигинин 2021 – 2027 -  жылдардын бюджетине интеграция болорун белгиледи.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель да : «Мүчө өлкөлөрдү Европа Биримдиги ички чек араларды эң кыска убакытта кайрадан ачууга аракет кылуудабыз»,- деди.

Мишель чек аралардын ачылышынын экономика жана туризм үчүн турмуштук мааниге ээ экенин айтты.



Тектеш кабарлар