Афринде бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 2 киши каза болуп, 2 киши жараланды.

1417162
Афринде бомбалуу кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Африн райондук борборунда токтоп турган унаага жайгаштырылган бомбанын жардырылышы менен 2 киши каза тапты.

«Зайтун бутагы» операциясы менен террордон тазаланган Африн райондук борборунда токтоп турган унаага жайгаштырылган бомба жардырылды.

Террордук кол салууда 2 жаран жараланды.

Жарылуудан кийин  тегеректе материалдык зыян келтирлип, унаа жараксыз  абалга келди.  

Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салуунун ПКК/ЙПГ террордук уюму тарабынан жасалуу ыктымалы боюнча токтолушууда.

Тель Рыфат жана Манбиж аймактарында басып алууну улантып жаткан террордук уюм ЙПГ/ПКК бат  - бат Баб, Азез, Жараблус жана Африн аймактарын бутага алган террордук кыймылдар болуп турат.



Тектеш кабарлар