Россияда өрттөргө себеп болгон дем алдыруучу аппараттар эми колдонулбайт
«Aventa-M» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонууга тыюу салынгандыгы кабарланды.
1416789
Россиянын саламаттык сактоо боюнча федералдык кызматы (Росздравнадзор), коронавирус менен ооруган бейтаптар дарыланып жаткан ооруканаларда өрткө себеп болгон «Авента-М» үлгүсүндөгү дем алдыруучу аппараттарды колдонууну токтотту.
Росздравнадзордун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өрт чыккан Москвадагы Спасокукотский ооруканасы жана Санкт-Петербургдагы Санкт-Йорги ооруканасында «Авента-М» аппараттарынын колдонулгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө 1-апрелден кийин чыгарылган «Aventa-M» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонууга тыюу салынгандыгы кабарланды.
«Авента-М» аппараттары Россиянын мамлекеттик коргонуу өнөр жайы ишканасы Ростекке караштуу Радо электрондук технологиялык компаниясы KRET тарабынан жасалууда.