БУУ Сирияда 8 миллион адам абдан кооптуу абалда экендигин жарыялады

БУУнун астындагы түзүмдөрдөн  Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) улук өкүлү Элизабет Бирс, БУУнун Женевадагы кеңсесинде видео конференция форматында өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1416152
БУУ Сирияда 8 миллион адам абдан кооптуу абалда экендигин жарыялады

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Сирияда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) жуктуруп алган учурлар катталганын, өлкөнүн жалпысында 8 миллион жарандын азык-түлүк кооптуулугун башынан өткөргөнүн жана Идлибде жерлеринен ажыраган бир миллион кишиге гуманитардык жардамдардын Түркиядан барганын жарыялады.

БУУнун астындагы түзүмдөрдөн  Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) улук өкүлү Элизабет Бирс, БУУнун Женевадагы кеңсесинде видео конференция форматында өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Өзгөчө Идлибдеги адамзат трагедиясына көңүл бурган Бирс: «2019-жылдын декабрынан бери Сириянын түндүк-батышында орун алган орто эсеп менен 940 миң киши кагылышуулардын себебинен жерлеринен ажырады. Эми булар Covid-19 апаат жарата турган ашыкча толгон лагерлерде жашап жатышат»,-деп эскертти.

Бирс, Covid-19дун Сирияга да жеткенин, муну менен катар вирустун көзөмөлгө алынышы үчүн азырынча чара көрүүлөрдү көрбөгөндөрүн баса белгиледи.

Өкүл өлкөдөгү Covid-19ду жуктуруп алгандардын санын айткан жок.

Сирияда 8 миллион жаран үчүн азык-түлүк кооптуулугу болуп жатканына токтолгон  Бирс, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) муктаждарга жетиш үчүн колунан келген күчүн жумшап жатканын айтты.

Бирс, март айында Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДП) жана өнөктөштөрүнүн өлкөнүн түндүгүндөгү 1,7 миллион кишини аман сактап калуучу азык-түлүк жардамын камсыздаганын кеп кылып, «Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Түркиядан чек аранын ары жагына операциялары аркылуу азык-түлүк жардамдарын улантуусу өзгөчө мааниге ээ. Анткени адамдарды (вируска каршы) күчтөнтүү жана иммунитеттерин калыбына келтирүү абдан маанилүү»,деген серебин салды.

БУУ тарабынан кечээ дагы Сириянын Идлиб шаарына 45 фура гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

БУУнун жардамдарын ташыган фуралар Түркиянын Сирия менен чек аралаш Хатайдын Рейханлы районундагы Жилвегөзү чек ара капкасынан өткөн.

 



Тектеш кабарлар