Испанияда 113 жаштагы аял коронавирустан айыкты

Мариа Бранястын  1918 – 1920 -  жылдары чыккан Испания грибин да жеңгендиги маалымдалды.

1415564
Испанияда 113 жаштагы аял коронавирустан айыкты

Испанияда бир картаңдар үйүндө жашаган 113 жаштагы аял коронавирустан айыкты. 

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында өлкөнүн түндүк чыгышындагы Гирона шаарынын Олот районундагы картаңдар үчүндө жашаган  Мариа Бранястын бир канча жумадан бери күрөшүп жаткан Ковид  - 19дан айыккандыгы  билдирилди.

Кабарда Бранястын өзгөчө дүйнөнүн чоң эпидемияларынын бири катары билинген жана 1918 – 1920 -  жылдары чыккан Испания грибин да жеңгендиги маалымдалды.

4 -  мартта 113 жашка чыккан жана 20 жылдан бери картаңдар үйүндө жашаган Браняс  Испания массалык маалымат каражаттарына берген маегинде : «Кээ бир маселелерим бар бирок баарында эле мындай маселелер бар. Мага жардам берген бардык медициналык топко ыракмат айтам. Бул жерде иштегендер да мени менен алектенишип, абдан назик мамиле кылышты»,- деди.

"Gerontology Research Group" аттуу коом маалыматтарга караганда Бранястын дүйнөдө Ковид  - 19ду жеңген эң картаң киши экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар