Францияда мусулмандар үчүн мүрзө калган жок

Францияда жаңы тип коронавирустан каза болгон мусулмандар үчүн мүрзөлөрдүн калбагандыгы белгиленди.

1415349
Францияда мусулмандар үчүн мүрзө калган жок

Францияда жаңы тип коронавирустан каза болгон мусулмандар үчүн мүрзөлөрдүн калбаганы белгиленди.

Францияда мусулмандардын, жаназаларына байланыштуу иштерди жүргүзгөн «Тахара» коомунун башчысы жана  медицина кызматкери Абдессамад Акрач нормалдуу шарттарда мусулмандардын жаназаларынын өз каалоолору боюнча өлкө тышына  жиберлигендиги бирок коронавирустан улам мунун мүмкүн болбогондугун айтты.

Акрач өлкөдөгү көрүстөндөрдө  мусулмандар үчүн бөлүнгөн жерлерде орун калбагандыгын билдирди. Бул маселенин ылдамдык менен чечилиши керектигин айткан Акрач : «Мүрзө калбаганы үчүн жүздөгөн жаназа музаткычтарда же моргдордо күтүүдө»,- деди.

Акрач Европа Биримдигине мүчө болбогон өлкөлөр менен чек аралардын жабылышы менен абалдын дагы да начарлагандыгына көңүлдөрдү буруп : «Өлкөлөрдүн чек араларын жабышы менен түрктөрдөн башка мусулмандардын жаназалары өлкө тышына чыгарыла албай жатат»,- деди.

Францияда мусулмандардын мекемеси Франция Ислам Кеңешинин маалыматтарына караганда өлкөдөгү 300 мүрзөдө мусулмандар үчүн бөлүнгөн жерде 100гө жакын мүрзө бар.



Тектеш кабарлар