Ливиядагы кол салууда 4 киши каза тапты

Халифе Хафтерге караштуу кишилердин борбор шаар Триполиге жасаган аракеталуу кол салуусунда бир эле үй  -  бүлөдөн 4 киши каза тапты.

1413751
Ливиядагы кол салууда 4 киши каза тапты

Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу кишилердин борбор шаар Триполиге жасаган аракеталуу кол салуусунда бир эле үй  -  бүлөдөн 4 киши каза тапты.

Ливия саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кеңешчиси Эмин ел  - Хашими расмий соцтармактан берген маалыматында Хафтерге караштуу куралдуу кишилердин Триполинин түштүгүндөгү Айн Зара аймагына жасаган ракеталуу кол салуусунда ооз ачып жаткан үй  - бүлөдөн 4 кишинин каза болгондугун белгиледи.

Ливия армиясы оор жоготууга учураткан Хафтерге караштуу куралдуу кишилердин өткөн жумада борбор шаардын жарандык отурукташуу аймактарына жасаган кол салууларында 15 жаран каза болуп, 30дан ашуун жаран жараланган, Триполиге жасалган кол салууларда 5 – 7 -  май күндөрү 14 жаран каза болгон.



Тектеш кабарлар