D витамининин жетишсиздиги менен коронавирустан каза тапкандардын ортосунда байланыш бар
Илимпоздордун иликтөөсү.
Илимпоздор D витамининин жетишсиздиги менен коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен каза тапкандардын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин аныкташты.
«Nypost.com» сайтынын жаңылыктарына караганда, АКШнын Northwestern университетинин илимпоздору АКШ, Франция, Германия, Италия, Испания, Англия, Швейцария, Иран, Түштүк Корея жана Кытайдагы ооруканалардан чогултулган Ковид-19 бейтаптарына таандык маалыматтарды иликтешти.
Изилдөөчүлөр Италия, Испания жана Улуу Британия сыяктуу Ковид-19 өлүмү көп болгон өлкөлөрдөгү бейтаптардын D витамининин деңгээли өлүмдөр аз катталан өлкөлөрдөгү бейтаптарга караганда төмөн экенин аныкташты.
Университеттин лабораториясынын башчысы Вадим Бэкман белгилегендей, D витамининин жетишсиздиги менен Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын байланышын билүү маанилүү, бирок баары эле D витамини ичүүгө мажбур болбошу керек.
Изилдөөчүлөр ошондой эле D витамини кошулмаларын ашыкча ичүүдөн сактанууну эскертишти.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.