Россия Ливияда Хафтер күчтөрүн жалданма аскерлер менен күчтөндүрөт

Орус командири жана буйругундагы делегация 24 -  апрелден бери Дера облусунда Асад өкмөтүнө кызмат кылган куралдуу элементтер менен бир топ жыйын өткөрдү.

1412821
Россия Ливияда Хафтер күчтөрүн жалданма аскерлер менен күчтөндүрөт

 Сирияда  Асад режимине колдоо берген Россия Ливияда да чыгыштагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин катарын сириялык жалданма аскерлер менен күчтөндүрүүнү пландап жатат.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда орус командири жана буйругундагы делегация 24 -  апрелден бери Дера облусунда Асад өкмөтүнө кызмат кылган куралдуу элементтер менен бир топ жыйын өткөрдү.

Жолугушууларда Россия тарабы куралдуу элементтерге Ливияда Хафтер катарында согуша турган болсо айлык 1000 доллардан жана жаңылоого боло турган 3 айлык келишим сунуш кылды.

Бул сунушка бир группа каршы чыкса башкасы келишимди кабыл алды.

Сунушту кабыл алгандар азыркы учурда Дерада дагы көп жалданма аскер чогултуу үчүн иштеп жатат.

Россиядан айлык ала турган бул элементтер кыска убакыттын ичинде Сирияда Россиянын лагерлеринде ылдам түрдө машыккандан кийин Ливияга жиберилет.

Россия өткөн айда да Сириянын Израиль чек арасындагы Кунейтра облусунда Асад өкмөтү үчүн иштеген жалданма 300 – 400  согушкер менен келишкен.

Россиялыктар менен айына 1000 доллардан келишим түзгөн кунейтралык куралдуу кишилер Сирияда улантылып жаткан машыгуулардан кийин Хафтердин катарына кошулат.

Хафтер катарында жалданма орус аскерлер,  судандан алып барылган "Кaнкaвид" куралчандары менен чаддык куралдуу көтөрүлүшчүлөр сыяктуу көп сандаган чет элдик козголоңчулар бар.



Тектеш кабарлар