Дүйнөдө COVID-19 менен күрөшүү уланууда

Коронавирус көрсөткүчтөрү

1412742
Дүйнөдө COVID-19 менен күрөшүү уланууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 265 миң 300дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 836 миң 800дөн ашты. Ал эми 1 миллион 308 миң 200дөн ашуун киши илдеттен айыкты.

АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны 74 миң 800дөн ашты. Нью-Йорк штатында болсо 19 миңден ашуун киши Ковид-19дун себебинен көз жумуп, вирусту жуктуруп алгандардын саны 321 миңден ашты. Президент Дональд Трамп пандемия үчүн: «Өлкөбүз тарыхындагы эң жаман чабуулга дуушар болууда. Бул Перл-Харбордон (Япониянын 1941-жылы АКШга жасаган чабуулунан) жаман. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жасалган кол салуудан дагы жаман» деп айтты.

24 саатта 213 киши каза болуп жалпы 26 миң 70ке жеткен Испанияда 14-мартта башталган өзгөчө абал режими 24-майга чейин узартылды.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 369га көбөйүп 29 миң 684кө жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 91 миң 528ге кыскарды.  

Англияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 649га көбөйүп жалпы 30 миң 76га жогорулады. Ал эми өлкөдө вирусту жуктуруп алгандын саны 6 миң 111ге көбөйүп 201 миң 101ге жетти.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны 25 миң 809га жетти.

Латын Америка өлкөсү Мексикада илдеттен акыркы 24 саатта 236 киши көз жумду. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1120га көбөйүп 26 миң 25ке жеткен өлкөдө 16 миң 810 киши айыкты.

Бразилияда пандемиядан бир күндө 615 киши каза болуп жалпы 8 миң 536га жогорулады. Вируска чалдыккандардын саны болсо 10 миң 503кө көбөйүп 125 миң 218ге жетти.

Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны айрым өлкөлөрдө төмөнкүчө:

Бельгия 8 миң 339, Канада 4 миң 348, Швеция 2 миң 941, Швейцария 1805, Ирландия 1375, Португалия 1089, Румыния 864, Польша 733, Эквадор 1 миң 618, Австрия 608, Перу 1 миң 533, Чили 281.



Тектеш кабарлар