Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө коронавирустан 1 миллион 303 000ден ашуун киши айыкты.

1412592
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Коронавирустан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 265 300дөн, вирус жугузган киши саны 3 миллион 822 000ден ашты. Айыккандардын саны 1 миллион 308 200дөн жогорулады.

Кытайда Ковид  - 19 эпидемиясы ортого чыккан Ухань шаарында орто мектептерде билим берүү башталды. Өлкөдө эпидемиянын чоң өлчөмдө көзөмөлгө алынышы менен бир топ шаар жана аймакта турмуштун калыбына келгендиги байкалууда. Ушул күнгө чейин 4 633 киши каза болгон, вирус жугузган киши саны  82 885ке жеткен өлкөдө 23 -  апрелден бери вирустан 1 киши каза болду.

Иранда акыркы 24 саатта вирустан каза богондордун саны 68 кишиге көбөйүп  6 486га жетти. 

Россияда каза болгондор 625ке жетип, вирус жугузгандардын саны 177 160ка жогорулады. 

Африка өлкөлөрүнөн Кения менен Уганда коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Эл аралык валюта фондунан карыз алат. ЭВФду Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде 739 миллион доллардын Кения өкмөтүнө берилишин кабыл алды. Уганданын да коронавирус менен күрөшүүсү үчүн 491 миллион доллар алары билдирилди. 

Ушул күнгө чейин коронавирустан 20 киши каза болгон Түштүк Чыгыш Азия өлкөсү Сингапурда акыркы 24 саатта 741 бейтап аныкталды. Бул сан менен өлкөдө жалпы бейтап саны 20 939га жогорулады. 

Кээ бир Азия өлкөлөрүндөгү каза болгон жана вирус жугузган киши саны төмөнкүчө белгиленди : Укрианада 340/13 691, Казакстанда 30/4 509, Молдовада 145/ 4476, Грузияда 9/618, Өзбександа 10/2 66, Арменияда 42/ 2 884, Тажикстанда 8/ 379, Кыогызстанда 12/895.

Андан башка коронавирустан Индияда 1787, Индонезияда 895, Филиппиндерде 658, Японияда 569, Пакистанда 564, Түштүк Кореяда 256, Израилде 239, Сауд Арабияда 209, Бангладеште 186, Бириккен Араб Эмирликтеринде 157, Катарда 12 киши каза болду. 

 

 



Тектеш кабарлар