Ковид - 19 вакцинасы үчүн АКШда тесттер башталды

Германияда түрк илимпоз, профессор доктор Угур Шахин куруучусу болгон биотехнология фирмасы BioNTech Американын Pfizer фармацевтика компаниясы менен чыгарган жаңы тип коронавирус вакцина талапкерин адамдарда сынай баштады.

1411737

Pfizerден берилген маалыматта "BNT162" деп аталган потенциалдуу вакцинанын клиникалык сыноолорунун  Германиядан кийин АКШда адамдарда сынала баштаганы билдирилди.

Маалыматта вакциналардын Мэриленд жана Нью-Йорк университеттеринин медицина факультеттеринде колдонулгандыгы белгиленди. Ошондой эле АКШда биринчи баскычта 18 – 55  жаш менен 65 – 85 жашта эки категорияда 360 ден соолугу чың кишиде колдонулары маалымдалды.

Тесттер 18 – 55  жаштагы кишилерде таасирдүү жана ишенимдүү боло турган болсо 65 – 85 жаштагы кишилерге жасалары тууралуу маалымат берилди. Сыноолордо вакцинанын ишенимдүү жана таасирдүү болгондугу байкалса жылдын акырына чейин АКШда кенен масштабда тар

катылары баса белгиленди.

Тектеш кабарлар