Өткөн жылы 19 миллион бала жеринен ажырады

БУУ өткөн жылы 46 миллион кишинин жашаган жеринен ажырагандыгын, алардын ичинен 19 миллионунун балдар экендигин билдирди.

1411100
Өткөн жылы 19 миллион бала жеринен ажырады

Өткөн жылы 19 миллион бала жашаган жерлеринен ажырады.

БУУ өткөн жылы 46 миллион кишинин жашаган жеринен ажырагандыгын, алардын ичинен 19 миллионунун балдар экендигин билдирди.

ЮНИСЕФ табигый кырсыктар менен жарандык согуштар жана кагылышуулардан улам өз өлкөлөрүнөн көчүүгө мажбур болгон кишилердин абалын колго алган «Өлкөсүндө жоголуу» деген темада отчет жарыялады.

Отчетто 2000 – жылдарда өлкөсүнөн кеткен  25 миллионго жакын киши болгон болсо бул сандын 5 жылда 40 миллионго жеткендигин белгиледи.

2019 -  жылы 33 миллион кишинин жеринен кеткендиги катталгандыгына көңүл бурулган отчетто булардын 12 миллиону башкача айтканда 40 пайызын 18 жашка чейинки балдардын түзгөндүгү баса белгиленди.

Отчетко караганда 33 миллион кишинин 25 миллиону табигый кырсыктардан, 8 миллиону жарандык согуш жана кагылышуулардан өлкөлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Отчетто өзгөчө жерлеринен кеткен балдардын күч колдонуу, адам качыруу, бала жумушчулугу, бала жашта үй  - бүлө куруу жана үй  - бүлөлөрүнөн ажыратылуу сыяктуу коркунучтар менен бетме  - бет келгендиги баса белгиленди жана өкмөттөр, жарандык коом, менчик сектор жана гуманитардык жардам мекемелерине мындай абалдагы балдардын маселелерин чечүү үчүн биргеликте аракет кылуу жана стратегиялык инвестицияга чакырылды.

ЮНИСЕФтин директору Анриетта Фор жаңы тип коронавирустун жерлеринен кеткен кишилердин абалын дагы да начарлаткандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар