Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чек арасында эки тараптуу ок атышуу болду
Бул тууралуу Түштүк Кореянын Башкы штаб башчылыгынан маалымат берилди.
Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын чек арасында тараптар бири-бирине ок атышты.
Түштүк Кореянын Башкы штаб башчылыгынын маалыматына караганда эртең менен эрте саат 07:41де Түндүк Корея тарабынан Түштүк Кореянын чек арасындагы аскердик күзөт пунктуна бир канча жолу мылтык менен ок атылганы билдирилди.
Көп өтпөй эле Түштүк Кореянын аскерлеринин каршы тарапка эки жолу атып Түндүк Кореяга жооп кайтарганы белгиленген жарыяда, окуяда эч ким каза таппагны же жаракат албаганы белгиленди.
Аскердик жооптуу кызматтагылар Түндүк Кореянын кандай себеп менен Түштүк Кореяга ок атканын билбегендерин жана окуянын себептери иликтенип жатканын маалымдашты.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.